Haber

Окутуучулар үчүн акысыз окуу курсу

2021-жылдын 1-мартынан тарта Ош мамлекеттик университетинин илим изилдөөчүлөрү (магистранттар) жана окутуучулары үчүн англис тилин үйрөтүүчү акысыз окуу курсу башталат. Ал "Erasmus +" (Еразмус+) программасынын алкагында “Harmonization And mutual Recognition of Master programmes in OccupatioNal and Environmental hEalth/HARMONEE” (Кесиптик саламаттыкты сактоо, айлана чөйрөдөгү магистрдик программаларды шайкеш келтирүү жана өз ара таануу) долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында уюштурулду.

Төрт айлык окуу курсу акысыз болот. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.

Erasmus Plus программасынын ОшМУдагы координатору Роман Калматовдун демилгеси менен уюштурулган англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу эки жылдан бери ийгиликтүү өтүп жатат.

634 14:51 18-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|