Haber

ОшМУда чет өлкөлүк студенттер үчүн маалымат жыйын өттү

Бүгүн, 17-февралда Ош мамлекеттик университетинде «Чет өлкөлүк студенттердин чек арадан өтүү жана Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелери» деген темада семинар өттү.

Семинарда тышкы иштер министрлиги, чек ара кызматынын өкүлдөрү каттоого туруу, виза алуу, чек арадан өтүү жана Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелери боюнча маалымат беришти.

Жыйынга окуу жайда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер, факультеттердеги декандын орун басарлары, кураторлор катышты.

615 16:29 17-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|