Haber

“ОшМУнун улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусунун учурдагы абалы жана келечеги”

2021-жылдын 16-февраль күнү ОшМУнун башкы имаратында “ОшМУнун улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусунун учурдагы абалы жана келечеги” деп аталган семинар өттү.

Университеттин улуттук жана эл аралык рейтингдер бөлүмүнүн башчысы Эрлан Камалов жана окуу-информациялык департаментинин директору Руслан Арапбаев QS глобалдык рейитингинин критерийлери жана талаптары, “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2021” улуттук жана «IAAR Eurasian University Rankings-2021» эл аралык рейтингдеринин базасына маалыматтарды тиешелүү структуралык бөлүмдөр менен биргеликте иш алып баруу тажрыйбалары боюнча баяндама жасашты.

Катышуучулар улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуу үчүн талап кылынган шарттарга ылайык маалыматтарды топтоо, талдоо жана базага жүктөө боюнча маалыматтарды алышты.

Семинарга факультеттерден, колледждерден рейтинге байланыштуу маалыматтарды топтоп, базага жүктөөгө жооптуу кызматкерлер, декандын илимий жана эл аралык байланыштар боюнча орун басарлары, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчилери, каалоочу окутуучулар катышты.

657 23:15 16-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|