ОшМУнун ректору эки окуу жайдын байланыштары жылдан жылга тездик менен өнүгүп, кызматташтыктар бекемделип жаткандыгын белгиледи. Пандемия шартына карабай, студенттердин онлайн мобилдүүлүгү активдүү жүргүзүлүп, жаткандыгына токтолду. Онлайн режимде академиялык мобилдүүлүктөн өтүшкөн студенттерге сертификаттар тапшырылды. Студенттер ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият, орус филологиясы, табият таануу жана география, математика жана информациялык технологиялар, физика-техника, педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринде мобилдүүктөн өтүшкөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жай келечекте академиялык мобилдүүлүктүн онлайн формасын мындан ары дагы өнүктүрүү, илимдин ар кайсы тармактары боюнча биргелешкен диссертациялык кеңештерди ачуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү багыттары боюнча сөз кылышты.