Haber

ОшМУнун студенти жеңил атлетика боюнча өлкө чемпиону болду

14-15-январь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча ачык чемпианатында Ош мамлекеттик университетинен 5 студенти катышып келди.

Мелдештердин жүрүшүндө ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери жеңиш менен кайтышты.

Садыкжан уулу Шерзатбек 400 метр аралыкта жана 200 метр аралыктоо чуркоодо I орунду багындырып, женил атлетика боюнча өлкө чемпиону аталды. Ал эми Бектурсун Жумабаев 400 метр аралыкта чуркоодо III орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Алымкан Жамшитбекова 400 метр жана 800 метр аралыкта чуркоодо II орунду багындырды.

Жеңиш ээлерин ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууларына ийгилик, спортто бийиктиктерди каалады.

824 13:34 19-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|