Haber

ОшМУда жазуучу Кубатбек Жусубаливдин 80 жылдык мааракесине арналган жолугушуу өттү

ОшМУда жазуучу Кубатбек Жусубаливдин 80 жылдык мааракесине арналган жолугушуу өттү

Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган жолугушууга ОМУнун профессордук-окутуучулук курамы, чыгармачыл инсандар, магистранттар, студенттер катышышты.

Алгач ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Амановалар куттуктоо сөздөрүн айтып, жазуучунун чыгармачылыгы кийинки муундарга өрнөк болуп кала тургандыктарын айтышты.

“Кыргыз Туусу” гезитинин түштүк аймагы боюнча координатору Төлөнбай Абдыразаков “К.Жусубалиев-модернист жазуучу”, профессор Гулина Жамгырчиева “К.Жусубалиев-азыркы кыргыз адабиятынын жаңычыл өкүлү”, ф.и.д. Бактыгүл Темирова “К.Жусубалиевдин кыргыз адабиятындагы орду” деген темаларда баяндама жасашты.

Жазуучунун чыгармачылыгына арналган баяндамалар менен катар КРдин Эл артисти Жолболду Алибаев, КРдин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Бабаравшан Тургунбаев, КРдин эмгек сиңирген артисттери Абдикерим Ахмедов, Манас Кожомжаровдордун музыкалык чыгармалары тартууланды.

Өзгөчө стилде жазылган чыгармалардын автору Кубатбек Жусубалиев жолугушуунун алкагында өзүнүн турмуш жолу, чыгармачылыгы боюнча баяндап, окутуучулардын, магистранттардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунда, Кердегей айылында туулган. Жусубалиевдин чыгармачылык ишмердүүлүгү 1960-жылдардан башталып, 1963-жылы алгачкы аңгемелери жарыяланган. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген китеби жарык көргөн. "Толубай сынчы", "Улакчы", "Муздак дубалдар" өңдүү бир нече аңгеме, повесттердин автору.

825 14:47 18-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|