Haber

ОшМУнун ректору Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев менен жолугушту

Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУга келген жазуучу Кубатбек Жусубалиев балалык мезгили, чыгармачылыгы жөнүндө айтып, кол жазмасы жазылган белегин тапшырды.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жазуучунун окуу жайга болгон кадамына ыраазычылыгын билдирип, ОшМУда дайыма чыгармачыл инсандар менен интеллектуалдык жолугушуу кечелери байма-бай уюштурулуп келе жаткандыгын белгиледи. 18-январда жазуучунун чыгармачылык кечесин ОшМУда өткөрүлө турган болду.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунда, Кердегей айылында туулган. Жусубалиевдин чыгармачылык ишмердүүлүгү 1960-жылдардан башталып, 1963-жылы алгачкы аңгемелери жарыяланган. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген китеби жарык көргөн. "Толубай сынчы", "Улакчы", "Муздак дубалдар" өңдүү бир нече аңгеме, повесттердин автору.

872 08:24 16-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|