Haber

Залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыров эскерилди

12-январда Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун профессору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаев, университеттин профессордук-окутуучулук курамы да катышып, залкар ырчынын эстегилигине гүл коюшту.

Өмүрүнүн акырына чейин ОшМУда эмгектенген, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ректор Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен быйылкы жылы кайрадан жаңыртылып, санариптешип жаңыдан пайдаланууга берилген ОшМУнун алдындагы алдыңкы тажрыйба борбору болгон Индустриалдык-педагогикалык колледжинде ачылган. Заманбап типке ылайыкталып жасалгаланган, санариптешкен музейде аудио гид иштейт. Учурда музейге келген коноктор 3 тилде (англис, орус, кыргыз тилдеринде) улуу талант Р.Абдыкадыров жөнүндө маалыматтар менен тааныша алат.

Залкар таланттын туулган күнүнө карата ОшМУнун искусство факультетинин мугалимдери жана студенттери Р. Абдыкадыровдун "Койчунун ыры" аталыштагы чыгармасын аткарып, угармандарга тартуулашты. https://youtu.be/HbSFJGh_iu0

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен. Залкар талант көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

1645 18:31 12-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|