Haber

Квалификацияны жогорулатуу институтунда аткарылган иштер жана келечек пландар

2020-жылдын сентябрь айынан тартып Ош мамлекеттик университетинин алдында квалификацияны жогорулатуу институту түзүлүп, кызматкерлердин тажрыйбасын арттыруу, билимин өркүндөтүү боюнча жумуштар аткарылып жатат. Бул институт университеттен сырткары мекеме-ишканалардын адистерин да окутууну колго алган. Институттун директору, г.и.к., доцент Абдижапар Аккулов менен институтта аткарылган иштер жана келечек пландар боюнча сөз кылдык.
- Алгач Квалификацияны жогорулатуу институтунун негизги максаты боюнча айтып өтсөңүз?
-Квалификацияны жогорулатуу институтунун негизги максаты университет рынокко даярдап чыгарып жаткан бүтүндөй тармактар боюнча билимди өркүндөтүү болуп саналат. Биз жылдын башында институттун Жобосун да жамаат менен бирге талкуулап, кабыл алдык. Институт университеттин адистерин гана эмес аймактардагы мекеме-ишканалардын, билим берүүчү мекемелердин да адистеринин билимин жогорулатууга салымын кошот. Бул биздин негизги миссиябыз.
-Өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө баштагандан тартып институтта кандай иштер аткарылды?
- Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата 4 жерде окуу курстарын өткөрдүк. Декабрь айынын башында Кочкор-Ата колледжинин директору Э.К. Молдокеримова 24 мугалими менен биргеликте “Педагогикалык чеберчиликти арттыруу багытында” 72 сааттык окуу курсунан өтүштү. Окуу курсунун 3 күнү офлайн форматында жеринде уюштурулса, калган 11 күнү онлайн форматында тажрыйбалуу адистердин катышуусунда өттү.
Ош шаарындагы “Мурас” инновациялык колледжинин 22 мугалими катышкан окуу курсу ноябрь, декабрь айларында уюштурулду. Колледждин окутуучулары педагогика, психология, IT технология багытында 14 кундүк (72 сааттык) окуудан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.
Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу 3 мектебинин жана 1 лицейинен 12 мугалими декабрь айында окуучуларды ЖРТга даярдоо багытында ОшМУнун базасында курстан өтүштү.
Ушундай эле окуу курсунан январь айында Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия колледжинин 23 окутуучусу өтүшөт. Окуу 3 күн офлайн, 11 күн онлайн форматында өтүүсү пландаштырылган.
- Институт ачылгандан тартып аймактардагы адистердин билимин өркүндөтүү багытында иштерди алып барып жаткандыгын айтып өттүңүз, ОшМУнун окутуучулары үчүн кандай курстар пландаштырылган?
- Албетте, ОшМУнун жамаатынын билимин жогорулатуу үзгүлтүксүз уланып турат. Учурда январь айына ОшМУнун структураларынан 400 гө жакын билдирүүлөр келип түштү. Окуу курстарын жалпы угуучулар үчүн 11-январдан тартып баштаганы турабыз. Педагогика жана психология (72 саат) багытында Педагогика жана дене тарбия, Эл аралык медицина факультеттеринин базасында, информатика жана программалоо (IT технология 72 саат) багытында Математика жана информациялык технологиялар факультетинин базасында, англис тили (Тойфул 72 саат) багытында Дүйнөлүк тилдер факультетинин базасында, экономика багытында Бизнес жана менеджмент факультетинин базасында, физика, астрономия багытында Физика-техника факультетинин базасында уюштурулат.
- Алдыда пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
- Алдыда жасала турган иштерибиз арбын. Биздин окуу курстарыбызда
университетте тиешелүү тармактар боюнча тажрыйбасы мол, заманбап билим берүүгө шайкеш келген окутуучулар билим беришет. Биз муну менен эле чектелбестен ар бир тармак боюнча практик адистерди да тартып, берилген билимдин жугумдуу жана эффективдүү болушуна салым кошобуз.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Январь айынын башында КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Б.Алайчиев менен Ош облусунун райондорундагы 100 дөн ашуун социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сүйлөштүк. Себеби элеттеги адистердин билимин өркүндөтүү аркылуу коомдун, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салымыбызды кошсок деген изги тилектерибиз бар.
Жалпысынан бир жыл ичинде 600дөн ашуун адистердин квалификациясын жогорулатууну максат кылганбыз.
Даярдаган: ОшМУнун пресс-катчысы З.А.Нуралиева

876 14:11 11-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|