Haber

“Практиканттын мыкты онлайн сабагы” конкурсу жыйынтыкталды

Болочок мугалимдерди онлайн сабактарды өтүүгө стимулдаштыруу жана алардын чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүү максатында педагогикалык практика бөлүмүнүн жетекчиси А.Батыралиев тарабынан ​​​2020-жылдын октябрь айында ОшМУнун бүтүрүүчү курсунун студенттеринин арасында “Практиканттын мыкты онлайн сабагы” конкурсу демилгеленип, методисттердин жана мектеп мугалимдеринин катышуусу менен конкурстун жобосу иштелип чыккан. Жобо университеттин сайтына коюлуп, конкурска катышуу үчүн студенттерге жарыя берилген. ​​​Демилгени ректор К.Г.Кожобеков колдоп:

​​​1-орунга 15 миң сом жана 1-даражадагы диплом;

​​​​​​​​2-орунга 10 миң сом жана 2-даражадагы диплом; ​​​​​​​​

3-орунга 5 миң сом жана 3-даражадагы диплом. ​​​​​​​​Ал эми калган ар бир катышуучуга 1000 сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлыктар каралган. Конкурс үч этаптан жүргүзүлдү:​​​​​ биринчи турда, факультетте мыкты сабактар тандалып, методкеңештин чечими менен мабактар youtube га жүктөлүп, сабактардын шилтемеси комиссияга жөнөтүлдү. Жыйынтыгында тандалган 15 студенттин иши конкурстук комиссияга келип туштү.

Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу үчүн сабактарды обьективдүү жана компетенттүү баалоо максатында ректораттын сунушу менен мектеп мугалимдери чакыртылды. Комиссия курамы:

1. Мамырова Айнура – индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу, “Керме-Тоо” мектеп-гимназиясынын мугалими, төрайым;

2. Тухтапулатова Айчүрөк – Ош ш., №18 А.Навои мектеп-гимназиясынын чет тили мугалими;

3. Таир кызы Нүргүл – Ош ш., “Сапат” мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

4. Карабалаева Гуляим – ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими;

5. Жапар кызы Бактыгүл – ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучусу, Ош шаарында уюшулган “Жаш мугалим - 2019” конкурсунун жеңүүчүсү.

20-декабрдан 25-декабрга чейин комиссия мүчөлөрү сабактарды карап чыгышып төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти жана жеңүүчүлөрдүн онлайн сабактарын көрүүнү сунуштайбыз:

1. I орун табият таануу жана география факультетинин география адистигинин студенти Сапарбай кызы Эленура, https://youtu.be/ceDA5fIzzTU ;

2. II орун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Мамадиярова Мээрим, https://www.youtube.com/watch?v=WsyFSlq10GY ;

3. III орун эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенти Болотбекова Мээрим, https://www.youtube.com/watch?v=LPuSJaPLG4k&feature=youtu.be .

Ал эми калган катышуучуларга 1000 сомдон кызыктыруулучу акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

2559 01:28 31-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|