Haber

Президенттик стипендияга ОшМУнун 2 студенти ээ болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 25-декабрда, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине президенттик стипендия тапшырды.

ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенти Бакиева Жыпаргүл жана Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Улукбек кызы Марина 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен КРдин Президентинин стипендиясынын ээси болушту.

Өзгөчөлөнгөн студенттерди сыйлоо үчүн КР президентине караштуу Билим берүү фондунан 3 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Студенттердин ар бири 50 миң сомдон стипендияга ээ болушту.

Президенттик стипендиянын ээлерин жалпы ОшМУнун жамаатынын атынан куттуктап, окууларына ийгилик каалайбыз!

919 16:43 25-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|