Haber

ОшМУнун профсоюз уюму борбордук профсоюз комитетинин диплому менен сыйланды

ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы А.Сатаров борбордук профсоюз комитетинин Диплому менен сыйланды.

Фестиваль «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата уюштурулган. Иш чаранын максатына ылайык ОшМунун профсоюз уюму материалдарды даярдап, пандемия шартында жүргүзгөн активдүү иштерин чагылдырып, фестивалдын уюштуруу комитетинин кароосуна жөнөткөн. Уюштуруу комитетинин сунушу менен БПКнын кезектеги Президиуму ОшМУнун бириккен профсоюз комитетинин пандемия шартында аткарган иштерин алгылыктуу деп баалап, Диплом жана баалуу белек менен сыйлады. Ал сыйлыктарды БПКнын төрагасынын орун басары Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев тапшырды.

865 13:55 24-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|