Haber

“ОшМУ” кыздар курама командасы чемпион!

Ош шаарында 20-декабрда пандемия шартында энелердин иммунитетин көтөрүүнү максат кылган мекеме ишканалардагы 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдар ортосунда “Энелер лигасынын” 4- айлампасы өттү.

Өтмө кубок катары уюштурулган лиганы “Алай” командасы уюштуруп, “ОшМУ”, “ОшТУ”, “Энергетик” жана “Алай” курама командалары катышты. Лигада “ОшМУ” курама командасы 1-орунду багындырып, жеңишке жетишти. Ошондой эле жыл ичи уюштурулган оюндар боюнча жыйынтыкта да 1-орунду ээлешти.

Жеңишиңиздер кут болсун! Дайыма жеңиштин туусун желбиретип, ийгиликтерди багындыра бериңиздер!

872 10:43 21-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|