Haber

Президенттик стипендияга ОшМУнун 2 студенти ээ болду

ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенти Бакиева Жыпаргүл жана Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Улукбек кызы Марина 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен КРдин Президентинин стипендиясынын ээси болушту.

Кыргызстан боюнча 70 студент татыктуу болду.

Өзгөчөлөнгөн студенттерди сыйлоо үчүн КР президентине караштуу Билим берүү фондунан 3 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Студенттердин ар бирине 50 миң сомдон берилет.

Президенттик стипендиянын ээлерин жалпы ОшМУнун жамаатынын атынан куттуктап, окууларына ийгилик каалайбыз!

Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:420525//?f=cp

1332 16:04 18-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|