Haber

ОшМУнун ректорунун Түркия мамлекетиндеги кызмат сапары башталды

ОшМУнун ректору, профессор К. Кожобеков баштаган делегация 9-декабрь күнү Түркия мамлекетинин Анкара шаарындагы Түркия Диянет фондунун башчысы Ихсан Ачык жана башка тиешелүү жетекчилер менен жолугушуп, ОшМУ менен Түркия Диянет фондунун ортосундагы түзүлө турган протоколду талкуулашты. Ихсан Ачык өз сөзүндө Түркия Диянет фондунун ОшМУ менен кызматташтыгы мындан кийин дагы улана тургандыгын айтып, кандай колдоо керек болсо көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушууда билим берүүнүн дагы да сапатын жогорулатуу, жайкы эс алуу мезгилинде кошумча курстарды уюштуруу, окуу китептерин даярдоо, теология факультетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо сыяктуу бир топ маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөр болду. Ректор К. Кожобеков да Түркия Диянет фондунун ОшМУ менен 27 жылдан бери кызматташып келе жаткандыгын, бул жылдар аралыгында көптөгөн колдоо көрсөткөндүгүн айып, ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми ошол эле 9-декабрь күнү түшкү тыныгуудан кийин Анкара шаарында Түркия мамлекетинин Диний Башкармалыктын башчысынын орун басары, доктор Селум Аргун жана башка тиешелүү бөлүмдөрдүн башчылары менен жолугушуп, билим берүү боюнча келечекте жасала турган пландар жана долбоорлор туурасында сүйлөшүштү. Жолугушууда доктор Селум Аргун ОшМУ менен түзүлгөн протокол эки өлкөнүн ортосундагы карым-кантнаштын дагы да бекемделүүсүнө себеп боло тургандыгын айтты. Пандемия учурунда билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн Түркиянын тажрыйбасынан пайдаланууну сунуштап, бул боюнча да көмөктөшө тургандыгын белгиледи. Мындан башка кыргыз тилинде диний китептерди даярдоодо кандай жардам керек болсо баарына даяр экенин айтып өттү. Ошону менен бирге ОшМУнун базасындагы Ыйман гимназиясынын жаңы имаратын кыска убакытта баштай тургандыктарына жана келечекте Кыргызстандын башка аймактарында да ыйман гимназияларын ачууну учурдун талаптарынан экенине да токтолду. Ректор К. Кожобеков өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Түркия мамлекети менен Кыргызстандын бир тууган мамлекет экенин айтып, мындан кийин да ушундай жакын мамиленин дагы да жогорку деңгээлде улана тургандыгын айтты.

1155 18:33 10-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|