Haber

ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы болуп т.и.к, доцент Сабыркул Арстанов шайланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндөгү Жобого» жана 2006-жылдын 27-февралындагы ОшМУнун Окумуштуулар кенеңишин №5 чечиминин негизинде 2006-жылдын 3-мартында ОшМУнун ректорунун №68 буйругу менен бекитилген «Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо» деген Жобого ылайык, чыгыш таануу жана тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын 2020-жылдын 5-декабрындагы жалпы чогулушунун чечиминин негизинде тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сабыркул Арстанов декан болуп шайланды. Буйрук номери № 1578-ФХД/20 09.12.2020. Окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сабыркул Арстановго ийгиликтерди каалайбыз.
946 11:38 10-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|