Жыйын окуу жайлардын падемия мезгилинен кийинки кызматташуусун күчөтүү, COVID-19 кыйынчылытары менен чакырыктарына карата жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана эпидемиялык абалды жөнгө салуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүү, университеттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүктүн туруктуу өнүгүү моделин жогорулатуу максатында уюштурулду.
Конференцияда төмөнкү тректер: 1) “Дүйнөлүк деңгээлдеги университетке карай жаркын жол”; 2) “Ааламдашуу жараянындагы таланттарды өнүктүрүү багытында кызматташуу”; 3) “Илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” боюнча презентациялар жасалып, дүйнөлүк державалардын өкүлдөрү ойлорун ортого салышты.
Аталган альянс 2015-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда ага 27 өлкөнүн аймактарындагы 173 университет мүчө болуп кирген.