Haber

«Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VII аймактык студенттик илимий конференция

Ош мамлекеттик университетинде 2020-жылдын 28-ноябрында «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VII аймактык студенттик илимий конференция өттү. Быйылкы жылы пандемия шартын эске алуу менен онлайн уюштурулду.

Конференцияга түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Конференцияда сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жалпы конференциянын катышуучуларын куттуктады. Ошондой эле ушундай конференциялардан келечекте илимдин докторлору, профессорлору, илимдин кандидаттары өсүп чыгарын белгиледи. Планердык отурумда ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Байыш Осумбеков, сырттан жана дистанттык окутуу боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, университеттин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, ф.и.д, профессор Капар Зулпукаровдор да куттуктоо сөздөрүн жолдошту. Ал эми отурумду ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева алып барды.

Пленардык жыйында БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун студенти Узакбай уулу Кайрат «Каныбек Исаков – мыкты илимпоз, көрөгөч жетекчи, жана улуу устат», ОшМУнун студенти Алиева Зинат «Онлайн формасындагы билим берүүнүн актуалдуу маселелери», ОшМУнун студенти Насыров Хасыл «Особенности течения коронавирусной инфекции у различных возрастных групп населения», К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин студенти Алмазбекова Айданек «Ишкердүүлүк – экономикалык кыймылдаткыч күч» деген темаларда баяндамаларды жасап, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши 11 секцияда уланып, анда ар бир секция өз-өзүнчө онлайн форматта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүштү.

«Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы конференция онлайн форматта уланууда. Иш-чаранын максаты – студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт. Конференцияга 300гө жакын илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды», - деди ОшМУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева.

Конференциянын видео материалы: https://www.facebook.com/oshmu.nur/videos/835839070536905

1210 19:24 28-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|