Haber

«Манас айтуу» сынагы жарыяланды

Ош шаардык мэриясы тарабынан жарыяланган «Манас айтуу» сынагынын Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн иштелип чыккан

ЖОБОСУ:

- Сынакка ОшМУнун колледждеринин жана факультеттеринин студенттери катыша алат;

- Сынак башталган күндөн баштап катышуучулар “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунан 10 мүнөттөн ашпаган үзүндү айтып, видеого тартып, соцтармактарга (Facebook, Instagram ) жарыялайт жана ошол эле видеону 0778645050 WhatsApp номуруна жөнөтүшөт.

Эскертүү: Видеоматериалды соцтармактарга жарыялап жатып, аты-жөнүн, факультетин жазып, #ОшМУМанас #Мамлекеттиктил2020, #ManasOsh, #oshbilim деген хештег сөздөрүн кошуу керек.

- Видеоматериалдар 2020-жылдын 25-ноябрынан 3-декабрь саат 12:00гө чейин көрсөтүлгөн WhatsApp номуруна (0778645050) жиберилип, соцтармактарга (Facebook, Instagram) жарыяланышы керек. Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 4-декабрь күнү чыгарылат;

- Конкурстун уюштуруучулары: Ош шаардык мэриясы, Мамлекеттик тил комиссиясы, жогорку окуу жайлар (Ош МУ,КӨУ,ОГПИ), Ош шаардык билим берүү башкармалыгы;

- Сынактын жыйынтыгы ОшМунун, Ош шаарынын мэриясынын сайттарында жана социалдык тармактардагы официалдуу баракчаларда жайгаштырылат.

- Атайын түзүлгөн комиссия Ош МУнун факультет жана колледждеринен катышкан катышуучулардын арасынан эң мыкты катышуучуларынан 1-2-3-орун алгандарды аныктайт.

Сынакты баалоо критерийлери:

1. Сынактын материалдары сынактын шарттарына туура келүүсү керек;

2. Катышуучунун аткарган чыгармасы 10 мүнөттөн ашпоосу керек, аткаруу чеберчилиги, эпосту жеткиликтүү жана жогорку деңгээлде айтуу өзгөчөлүгүнө ээ болуусу шарт. Аткарылган чыгарманын техникалык абалына баа берилет.

3. Катышуучу жандуу үн менен аткарышы керек. Фонограмма коштолсо аткарган катышуучу бааланбайт жана комиссия тарабынан сынактан четтетилет.

4. Сынакка катышкан студент видеосун сөзсүз соцтармактарга (Facebook, Instagram ) жарыялоосу кажет. Эгер жыряланбаса, сынакка катышпады деп эсептелет. #ОшМУМанас #Мамлекеттиктил2020, #ManasOsh, #oshbilim деген хештег сөздөрүн кошуу зарыл.

Эскертүү: Эгерде соцтармакка (Facebook, Instagram ) катталбаса, декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары өз факультетинен катышкан студенттин аты-жөнүн, факультетин жазыпөзүнүн баракчасынан жарялоосуна уруксат берилет.

1. Катышуучуларды сыйлоо Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланат.

Биринчи орунду багынткан эң мыкты жеңүүгө ноутбук, экинчи орунду багынткан жеңүүчүгө смартфон жана адабий китептер, үчүнчү орунду багынткан жеңүүчүгө смартфон ыйгарылат.

Сынакка катышуунун жол-жоболору боюнча ОшМУнун мамлекеттик тил департаментине кайрылса болот. Байланыш телефондору: 03222 7-08-10, 0703 415 379; 0778 645 050.

1174 22:27 26-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|