Haber

ОшМУда Илим күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 23-ноябрда Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, илимде ийгиликке жеткендер сыйланды.

Иш-чарага ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты, ошондой эле Zoom платформасы аркылуу да онлайн чагылдырылды. Жыйынды алып барган ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Байыш Осумбеков жамаатты майрамы менен куттуктап, университетте илим чөйрөсүндө аткарылып жаткан алгылыктуу иштерди айтып өттү.

Профессордук-окутуучулук жамаатты куттуктаган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков республикада илим жаатын өнүктүрүү багытында жүрүп жаткан иштерди белгилөө менен ОшМУда илим изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, ийгиликтер да арбын экендигин айтты. Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө жүргүзгөн мониторингинде жогорку окуу жайлардан Ош мамлекеттик университети I даражадагы диплом менен сыйландыгын белгиледи. Университеттин жалпы рейтингин аныктоочу тыянактарда 60% университеттин илимий жетишкендиктерине баа бериле тургандыгын, 3 жыл аралыгында НААР көз карандысыз агенттиги тарабынан өлкө боюнча университеттердин жалпы рейтинги чыгарылып, ОшМУ генералдык рейтингде 1-орунду алып келе жаткандыгы сыймык экендигин айтып өттү. Ошондой эле быйылкы жылы SCOPUS системасында жарык көргөн макалаларга 10 миң сомдон сыйлыктар берилерин билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүүдө, илимде жана тарбиялоодо ийгиликтерди жаратып келе жаткан окутуучулар Билим берүү министрлигинин, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана ОшМУнун Ардак грамоталары тапшырылды.

Илим күнүнө карата 2019-2020-окуу жылында жарык көргөн эмгектер үчүн өткөрүлгөн «Мыкты монография-2020», «Мыкты окуу курал-2020” «Мыкты окуу-усулдук колдонмо-2020» конкурстардын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом жана 1-оунду алган окутуучуларга 5000 сомдон, 2-орунду алган окутуучулар 4000 сомдон, 3-орунду алган окутуучуларга 3000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан каржыланган жана гриф менен чыккан окуу китептери-2020” номинациясы боюнча жеңишке жеткен 4 окутуучу диплом жана 5000 сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой эле SCOPUS системасында жарык көргөн 18 окутуучунун макалаларына, Web of science базасынан басмадан чыккан 11 макаланын авторлоруна, 1 пантенттин, 37 автордук күбөлүктүн ээлерине да акчалай сыйлыктар, дипломдор тапшырылды.

Жыйындын соңунда бир жыл аралыгында университетте илимий ишин коргогон 3 илимдин докторуна, 4 илимдин кандидатына дипломдор тапшырылды. Докторлук иш коргогондор үчүн университет тарабынан 100 миң сом, кандидаттык иш жактагандар үчүн 50 миң сомдон сыйлыктар берилип келет.

Илим күнүнө арналган иш-чара концерттик программа менен коштолду.

1313 16:31 23-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|