Haber

Ош мамлекеттик университетине «Билим жана коом» мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча тапшырма берилди

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында И. Арабаев атындагы КМУнун китепканасынын жыйындар залында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.
КМУнун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада жогорку билим берүү системасындагы бир катар маселелер талкууланып, бир топ жетекчилерге жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Иш-чарада ошондой эле жогорку окуу жайларды реалдуу окутуу режимине өткөрүү маселеси каралды. Айрым ЖОЖ жетекчилери реалдуу окууну кышкы сессиядан кийин баштоо сунушун айтышса, айрымдары азыртадан эле баштап, бирок керектүү предметтерди гана оффлайн окутуу жолун сунушташты.
Министр Алмазбек Бейшеналиев окуу жайларга гибриддик окутууну киргизүүнү сунуштап, кайсы сабактарды онлайн окута берсе болорун, кайсы сабактарды оффлайнга өткөрүү керектигин аныктап, таразалап чыгуу үчүн атайын жумушту топ түзүү тапшырмасын берди. Бул топ 1 жуманын ичинде ЖОЖдорду ачуунун алгоритмин иштеп чыгып, министрликке сунушташы керек.
Министр А.Бейшеналиев алдыңкы 14 жогорку окуу жайга 14 конкреттүү тапшырма берди. Алар 1 айдын ичинде берилген багыттар боюнча өнүгүү багыттарын аныктап, министрликке тийиштүү сунуштарын бериши керек.
Ош мамлекеттик университетине «Билим жана коом» мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча тапшырма берилди.
1408 11:08 16-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|