Haber

ОшМУда маалымат жана басма сөз күнүнө арналган спорттук мелдеш өттү

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен 7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаарындагы ЖМКлар арасында эркектер ортосунда кичи футбол жана кыз-келиндер арасында эстафеталык оюндар мелдештерин өткөрдү.

Кичи футбол оюнуна 8 команда “ЭлТР”, “ОшТВ”, “7 канал”, “TMG телеканалы”, “Ош Пирим”, “ОшМУ” командалары катышса, кыз-келиндер арасында эстафеталык оюндарда “ОшТВ”, “7 канал”, “Ош Пирим”, “Ынтымак”, “АКИпресс+Спорт”, “ОшМУ” командалары мелдешишти.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну күчөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоону максат кылган мелдеш окуу жайдын спорт комплексинде өттү. Мини футбол боюнча мелдеште 1-орунду “TMG телеканалы”, 2- орунду “АКИпресс-Ош”, 3-орунду “7 канал”, 4-орунду “ОшТВ” командалары ээлешип диплом, акчалай сыйлык, кубок менен сыйланышты.

Ал эми эстафеталык оюндарда командалар капта секирүү, топ менен эстафета, теннис шары менен оюн, обруч менен эстафеталык чуркоо, аркан тартыш оюндарында күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду “Ош пирим”, 2-орунду “7 канал”, 3-орунду “АКИпресс+спорт”, 4-орунду “ОшТВ” командалары ээлешти.

Ошондой эле мини футболдо“Эң мыкты оюнчу”, “Эң мыкты чабуулчу”, “Эң мыкты коргоочу”, “Эң мыкты дарбазачы”, эстафета оюнунда “Мыкты капитан”, “Мыкты күйөрман”, “Шамдагай оюнчу” номинациялары аныкталып, диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2953 23:38 07-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|