Haber

ОшМУда кичи-футбол боюнча “Ректордун кубогу” өттү

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда кичи футбол боюнча “Ректордун кубогуна” арналган мелдеш болуп өттү.

Пандемия учурунда окутуучулук ден соолугун чыңдоо, дене тарбияны жана спортту даңазалоого мелдешке жалпысынан 18 команда катышты. Оюн 3-4-ноябрь күндөрү болду.

Жыйынтыгында 1-орунду Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин командасы, 2-орунду Бизнес жана менеджмент факультетинин командасы, 3-орунду университеттин АЧД командасы, 4-орунду Табият таануу жана география факультетинин командалары ээледи.

Сыйлоо аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышып, мелдеш жамааттын ден соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулгандыгын белгилеп, футболчуларга ден соолук, иштерине ийгилик каалады. Бул мелдеш жыл сайын салтка айланып өткөрүлөт.

1293 20:35 04-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|