Haber

ОшМУда маданият кызматкерлери сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, маданият тармагында эмгек сиңирген окутуучулар сыйланды.

Салтанатка университеттин профессордук-окутуучулук курамы, Искусство факультетинин жамааты, студенттер катышышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Искусство факультетинин таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин концерттик программалары тартууланды.

Жалпы маданият кызматкерлерин куттуктаган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков https://www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=99&id2=15087 университеттин маданий-массалык иш-чараларына активдүү катышкан университеттин структураларын, жаштарга билим берүү менен маданият, искусство тармагында эмгек сиңирген окутуучуларды куттуктап, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун Ардак грамоталарын, дипломдорун тапшырды. Ошондой эле май айында Улуу Жеңиш майрамына карата пандемия шартында онлайн уюштурулган студенттер арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүнө диплом, акчалай сыйлыктарын таршырды.

ОшМУда ноябрь айы «Жаштар-илим, искусство, маданият» айлыгы деп жарыяланган.

1727 21:29 02-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|