Haber

ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековдун 2-ноябрь маданият күнүнө карат куттуктоо сөзү

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу маданият кызматкерлери, ОшМУнун элге эмгеги сиңген таланттары жан жаш өнөрпоздор! Баарыңыздарды бүгүнкү маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Манаданият элдин бүтүндүгүн, улуттук макамын, мамлекеттин руханий багытын, аныктап турат. Маданияты жок өлкөнүн башка эч нерссеси болбойт. Ыр, бий, адабият, музыка, театр, сүрөт, скульптура, кол өнөрчүлүк, сөз устачылыгы, салт-санаа бар үчүн, элде асылдык, баалуулук жашайт. Адамдын аруу дүйнөсүн, ички жана сырткы сулуулукту чагылдырып, аны жайылткан тармак- бул искусство. Маданият – бул жан дүйнөнүн сулуулугу, адептин, ыймандын жарчысы. Искусство чеберлери ар дайым төрдөн, жүрөктөрдүн төрүнөн орун алууга тийиш. Талант - бул кудай тарабынан берилген улуу шыбага. Ага ээ болгон инсандардын арабызда жүргөндүгү эле биз үчүн бакыт. Алар бир өрөөндүн, бир улуттун эле эмес, бүтүндөй адамзат байлыгын боюна сиңирип, жүрөгүндө көтөрүп жүрөт. Кыргыз эли дүйнө маданиятына Чыңгыз Айтматовду, океан “Манасты” тартуулады. Жер шарынын картасында бармак басымдай энчиси бар кыргыз улуту дүйнөгө дагы далай улуу маданиятты, искусство чеберлерин ыроолойт деп ишенебиз.

Университет маданияттын ордосу, таланттуулурдан тууру болууга тийиш. Кандай өнөр, кандай искусство түрү болбосун анын алып жүрүүчүсү окуу жайдан табылышы керек. Окуу жай илим-билим менен кошо маданияттын да очогу. Биздин окуу жайдын тарыхы менен учуру талантка, өнөргө бай экени талашсыз.
Нагыз искусствого багытталган Искусство факультети жана Киноакадемиясында таланттуу жаштар билим алышууда.

Ош мамлекеттик университети Сооронбай Жусуев, Рысбай Абдыкадыров, Фахридин Баяков, Мырза Оморкулов, Асаналы Бейшенов, Токтобай Жумакулов, Ибрагим Жунусов, Карбалас Бакиров, Маркабай Аматов, Атантай Акбаров, Кадыралы Артыков жана башкалар сыяктуу чыгаан таланттарды тарбиялады.

Окуу жайыбыздын куту, көркү болгон маданият өкүлдөрү жүздөп саналат. Алар менен ар бир күнүнбүз ажайып кооз, кызыктууу жана ырахатка бай. Өлкөдө, шаарда, окуу жайда кандай гана маданий иш чара болбосун, ОшМУнун таланттары жалпы элдин ажатын ачып, ыраазылына татып келатат. Алардын жаш муундарды тарбиялап жатканына, окуу жайга кирип чыкканына ыраазы болуп, кубанабыз. Өнөр алптары Жолболду Алибаев Букарбай Иметов, Канышайым Сагынбаева, Мамыралы Эшбаев, Тамара Кадырбаева, Абдыкерим Ахмедов, Эгемберди Талипов, Жаңыл Атабаева, Жеңиш Мойдунов, Үмүт Тешебаев, Зуура Турдубаева, Равшан Момунов жана көптөгөн таланттар маданияттын бийик серенсинде жүрүшүп, жаш муундарды өнөргө талпынтышууда.

Илим менен өнөр тизгинин бирдей кармаган агай-эжелерибиз да жок эмес. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиев, Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадам Матиевалар жүрөк кылдарын дилдиреткен ырларды жаратса, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Маралбек Өскөнбаев агайыбыз күрпүлдөп, толуп-ташып “Манас” айтат. Айтор, окуу жайыбыз өнөр-таланттын нагыз ордосу экени талашсыз.

Биздин окуу жай өз таланттарын ар дайым колдоп келген, мындан ары да колдой бермекчи. Жыл сайын Ош МУда талантуу кызматкерлердин, студенттердин чыгармачылык кечелери өтүп, китептери жарыкка чыгып турат. Мындан ары да өнөрпоздорубузду колдоп алууга даярбыз. Ушул окуу жылынын ноябрь айы “Жаштар – илим, маданият, искусство айы” деп жарыяланды. Тланттуу театр сүйүүчү студенттерибиз республикалык сынакка катышканы турушат.

Урматтуу маданият өкүлдөрү, баарыңыздарды дагы бир ирет бүгүнкү майрмыңыздар менен куттуктайм. Чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайм! Обонуңуздар тынчтык күндө жаңырып, калемиңиздер курч болсун! Үй-бүлөлүк бакыт жана байгерчилик каалайм!

4284 16:37 02-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|