Haber

ОшМУнун Кесиптик бирлиги социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Ош мамлекеттик университетинин Кесиптик бирлиги 19-октябрь Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Бул майрамга карата университетте эмгектенген бир топ окутуучулар билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектери жана жаштарга терен билим, татыктуу тарбия берүүдөгү салымдары үчүн республиканын, облустун жана Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу жыйынга ОшМУнун социалдык жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова, Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

3753 21:08 20-10-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|