Haber

Кадис университетинде Эразмус+ программасынын конкурсу уюштурулду

Онлан форматта 14-15-октябрь күндөрү уюштурулган конкурска Ош мамлекеттик университетинин 6 факультетинен 31 студент катышты.

Тандоо конкурсунда ОшМУнун төмөнкү студенттери жогорку упайларды алышты:

1. Аккулова Каниет- Кыргыз-Европа факультетинин 3-курсунун студенти;

2. Абдукаимова Даткайым- Кыргыз-Европа факультетинин 2-курсунун студенти;

3. Шерова Айкөкүл – Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курсунун студенти;

4. Тынычбеков Айбек- Бизнес жана менеджмент факультетинин 3-курсунун студенти.

ОшМУнун эл аралык байланыштар департаменти Кадис университетинин жетекчилигине гранттык орундарды бергендигине жана конкурстун тандоо турунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.

Эске сала кетсек, ОшМУ Испаниянын Кадис университети менен Эразмус+ программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 5 жылдан бери кызматташып келет. ОшМУнун көптөгөн студенти Кадис университетинен билим алып келишсе, бир нече окутуучулар тажрыйба бөлүшүп келишкен. Кадис университети менен биргеликте ОшМУда Кыргыз-Европа факультети ачылган.

2845 21:39 17-10-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|