Haber

ОшМУнун “Биримдик” командасы чемпион!

Ош шаарында 27-сентябрда пандемия шартында энелердин иммунитетин көтөрүүнү максат кылган мекеме ишканалардагы 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдар ортосунда “Энелер лигасы” өттү.

Өтмө кубок катары уюштурулган лиганы “Энергетик” командасы уюштуруп, пандемия шартын эске алуу менен 4 команда ОшМУнун “Биримдик” курама командасы, “ОшТУ”, “Энергетик” жана “Алай” курама командалары катышты. Лигада ОшМУнун “Биримдик” командасы 1 орунду багындырып, жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар юштуруучулар тарабынан кубок жана акчалай сыйлык, белектер менен сыйланышты. Ошондой эле лиганын кийинки айлампасы ОшМУда уюштурула турган болду.

Жеңишиңиздер кут болсун! Дайыма жеңиштин туусун желбиретип, ийгиликтерди багындыра бериңиздер!

1158 16:47 30-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|