Haber

ОшМУ Генералдык рейтингде 1-орунду багындырды

ОшМУ 2018-жылы Казакстандык эл аралык НААР агенттиги тарабынан институционалдык аккредитациядан Кыргызстандагы биринчи болуп өткөн. 2018-2019-жылдан бери аталган агенттик Кыргызстандык жогорку окуу жайлардын улуттук рейтингин чыгарып келет. ОшМУ бул аралыкта үч жыл катары менен Генералдык рейтингинде 1-орунду камсыздап келүүдө.

“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2020” программасынын жыйынтыгы боюнча да ОшМУ бакалавр программасын даярдоо боюнча: 531800-Европатаануу, 531600-Теология, 531500-Аймак таануу, 530900- Чыгыш таануу, африка таануу, 530800-Эларалык мамилелер, 530600-Журналистика, 530300-Психология, 510200-Колдонмо математика жана информатика, 610001-Ветеринария, 600200-Туризм, 580700-Бизнести башкаруу, 580500-Бизнес информатика, 570012- Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча), 570400-Дизайн, 550700-Педагогика, 55600-Көркөмдүк билим берүү, 550400-Социалдык-экономикалык билим берүү, 550300-Филологиялык билим берүү, 550200-Физика-математикалык билим берүү, 550100- Табигый-илимий билим берүү, 540200-Социалдык иш, 532300-Кытай таануу, 53200-Дене тарбия, магистр программасын даярдоо боюнча: 710300-Колдонмо информатика, 580100-Экономика, 550400-Социалдык-экономикалык билим берүү, 531600-Теология, 531000-Филология, 530300-Психология, 530200-Саясат таануу, ошондой эле институционалдык рейтингде “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”, “Тейлөө сферасы”, “Экономика жана башкаруу”, “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Гуманитардык илимдер” багыттары боюнча институционалдык рейтингде 1-орундарды алгандыгы үчүн 36 сертификат менен сыйланды. Жалпы Генералдык рейтингде ОшМУ 1-орунду багындырды.

Сертификаттарды Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ОшМУда өткөн “Санарип университет” конференциясынын алкагында тапшырган.

1182 00:07 30-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|