Haber

ОшМУнун искусство факультетинде комуз күнүнө арналган эскерүү кечеси өттү

Ош мамлекеттик университети Комуз күнүндө белгилүү комузчулар Кыргыз Республикасынын Эл артисти Фахридин Баяков жана маданияттын мыктысы Бекболот Абдувалиевдерди эскерди. Эскерүү кечеси 11 –сентябрда ОшМУнун искусство факультетинин короосунда болуп өттү.

Эскерүү кечесине ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, сырттан жана дистанттык окуу боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, Социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Жылдыз Артыкова, профессордук-окутуучулук курам, шаар тургундары катышып, университетте иштеп, эмгеги сиңген чыгармачыл агайлар жөнүндө эскерүү сөздөрүн айтышты.

Кайталангыс талант ээлери Фархидин Баяков-кыргыз элине таанымал комузчу, ОшМУнун профессору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамынын ээси болгон. Агайдын көп жылдык өмүрү Ош мамлекеттик университети менен терен байланышкан. 1973- жылдан тартып өмүрүнүн соңку демине чейин ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор, ал ишине удаалаш эле Ош областык Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу-аткаруучу, ОшМУнун “Таланттар академиясында” студенттерге устатык кылуу менен улуу өнөрдү кийинки урпактарга сиңирүүгө зор салым кошкон. Устат агайыбыз 2018-жылы 12-январда 69 жаш курагында дүйнө салган. Агайдын калтырган эмгектери жаш муундарга кемибес казына, көөнөрбөс мурас болуп кала бермекчи.

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси Бекболот Абдувалиев 1964-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1990-жылдан тартып Ош мамлеккеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусу, улук окутуучусу, доценти кызматтарында эмгектенген. Искусство факультетинин алдында уюшулган “Салтанат” фольклордук ансамблин негиздеп, аны жетектеп, шаарда, облуста жана республикада өткөн көптөгөн конкурс, фестивалдарга катышып ийгиликтерге жетишкен. Ошону менен бирге өсүп келе жаткан кийинки муундарга комуз өнөрүн үйрөтүп өзүнүн көптөгөн шакирттерин даярдоого жетишкен.

Комуз өнөрүндө өздөрүнүн өчпөс издерин калтырган улуу устаттарды эскерүү тирүүлөрдүн милдети экендиги кеченин катышуучулары тарабынан белгиленди.

Комуздун элеси түшүрүлгөн кооз имаратта комуз күүлөрү жаңырып, катышуучулардын көңүлүн толкутту.

1368 16:47 15-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|