Haber

Аялдар кеңеши студент кыздары үчүн онлайн жолугушуу уюштурду

Ош мамлекеттик университетинин Аялдар кеңеши тарабынан 12-сентябрда “On-line окуунун этикасы” деген теманын алкагында ОшМУнун босогосун жаңыдан аттаган 1-курстун студент кыздары үчүн онлайн жолугушуу уюштурулду.

ZOOM программасы аркылуу уюштурулган иш чараны Аялдар кеңешинин төрайымы Насира Көчкөнбаева ачып, университетке кабыл алынган 1-курстун кыздарын жаңы окуу жылы менен куттуктады. Ошондой эле университеттин Аялдар кеңешинин бардык факультет, колледждердеги курамы менен тааныштырып кандай суроолор, көйгөйлөр болбосун кайрылып, кеп-кеңеш алууга чакырып өттү. Аялдар кеңешинин жүргүзгөн иши тууралуу баяндап жатып кыздардын турмуштук тарбиясы үчүн маанилүү болгон “Аялзат мээрим булагы”, “Адистен кеңеш”, “Сулуулук мектеби”, Сыпалык сырт кийимден”, “Биринчи байлык-ден соолук”, “Дени сак аял-дени сак улут” деген сыяктуу бир топ иш чаралар менен коштоло тургандыгын белгилеп өттү.

Искусство факультетинин Аялдар кеңешинин төрайымы Тамара Кадырбаева эзелтен келген кыздардын адептүү жүрүм-турум этикасы, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ата-энени кадырлоо, ошондой эле учурдагы кырдаалга байланыштуу онлайн билим алуу этикасы боюнча кеңештерин берди.

Жолугушууга катышкан кыздар кызыктырган суроолорун беришип, мындай жолугушуулар көбүрөөк уюштурулуп турса деген тилегин билдиришти.

1373 19:39 13-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|