Haber

ОшМУнун 10 студентти 1200 долларлык «Атуулдук стипендияга» ээ болду

Өлкөдө эң ири өлчөмдө студенттерге стимул болуучу стипендия болуп саналган ОшМУнун “Атуулдук стипендиясы” быйылкы окуу жылында 10 студентке тапшырылды.

Cалтанаттуу азем 11-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин административдик кеңешинин курамынын катышуусунда белгиленди.

Мыкты студенттерди тандоо окуу жайда иштелип чыккан 21-бюллетендеги «ОшМУнун мыкты студенти» конкурсу жөнүндөгү Жобого ылайык өттү. Конкурс 2 этаптан туруп, 1-этап факультеттик деңгээлде, ал эми 2-этап университеттик деңгээлде уюштурулду.

Конкурстун жеңүүчүлөрү окуудагы жетишкендиктери, логикасы жана сабаттуулугу, илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери, ойлоп табуучулук, жаратмандык жана чыгармачылык потенциалы, коомдук жана социалдык жоопкерчилиги, лидерлик потенциалы, уюштуруучулук сапаты, студенттик өзүн-өзү башкаруу жаатында бааланды.

Конкурска ОшМУнун күндүзгү бөлүмдөрүнүн 3-6 – курстарында “эң жакшы” бааларга окуган студенттер катышты. Март айында уюштурулган конкурстун 2-турунда жалпысынан 39 талапкер ат салышып, эң жогорку упайларга ээ болгон 10 студент тандалып алынды.

Алар Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 3-курсунун студенти Зинат Алиева, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 3-курсунун студенти Азирет Заидов, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Бурмакан Карабай кызы, Биснес жана менеджмент факультетинин 3-курсунун студенти Гулзина Сулейманова, Медицина факультетинин 3-курсунун студенти Бектурсун Авазбеков, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 3-курсунун студенти Мутабархан Атаходжаева, Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студенти Асел Курманбаева, Орус филологиясы факультетинин 4-курсунун студенти Сахида Талипова, Физика-техника факультетинин 3-курсунун студенти Элмурат Беков, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 4-курсунун студенти Акылай Жылдызбековалар.

Сыйлыкты тапшырып жатып ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков “Бул сыйлык катардагы жөн гана сыйлык эмес. Баркы бийик, баасы кымбат, жоопкерчилиги чоң сыйлык. Бул стипендияны "Студенттердин нобели" катары сыпаттагым келип турат. Анкени бул стипендия өмүрүн илим-билимге арнаган профессордун ак эмгеги менен тапкан каражаты аркылуу негизделди.

Урматтуу "Атуулдук стипендиянын" лауреаттары! Илим-билим жолунда чоң ийгиликтердин жаратманы болгула! Өлкөнү гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү өзгөртө алчу зор мүмкүнчүлүктөрдүн ээсисиңер. Ниетиңер ак, жүрөгүңөр таза болсун! Ардактуу профессор агайыңар силерге стипендия берип жүрөгүңөргө үмүттүн үрөнүн септи. А силер келечек үчүн жакшылыктын, аруулуктун мөмөсүн төккүлө”, -деген изги тилегин билдирди. .

2020-2021-окуу жылында конкурстун ар бир жеңүүчүсү айына 100 $ дан стипендия алышат жана бир жылдык жалпы суммасы 1200 $ түзөт.

Бул стипендияны – Ош МУда эмгектенген, илимдин доктору, профессор меценант агай тарабынан берилип келет. Агай өзүнүн өмүр бою жыйнаган мүлкүн банкка төгүп, аны окуу жайга мурастап, мыкты окуган, өзгөчөлүккө ээ болгон студенттерге стипендия кылып берүү оюн билдирген. Ош МУнун жетекчилиги бул стипендияны 50 жыл бою төлөөгө банк, профессор агай, университет болуп үч тараптуу келишим түзүшкөн. 2012-жылы бул стипендия алгачкы ээлерине тапшырылган. Тагыраагы буга чейин эң мыкты 5 студентке ыйгарылып келсе, эми мындан ары алардын саны 10 студентке жетти.

Салтанттуу тапшыруу аземинде ар бир стипендианттар тууралуу видео-роликтер көрсөтүлүп, студенттерге үлгү болчу мыкты жетишкендиктери катышуучулардын назарына коюлду.

Белгилей кетсек, буга чейин стипендиянын ээлери болушкан студенттин баары бүгүнкү күндө коомдо өз ордун таап, мыкты адис катары эмгектенип, мыкты студент катары билимдерин улоо менен университеттин өсүп-өнүгүүсүндө салымдарын кошуп келүүдө.

1778 19:25 11-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|