Haber

Орус филологиясы факультетинде декандык шайлоо өтөт

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде 12-сентябрь саат 10-00до “Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык факультеттин деканы кызматына шайлоо болуп өтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндөгү” жобосунун 10-пунктуна ылайык өткөрүлөт.
Арыздар 2020-жылдын 9-сентябрына чейин кабыл алынат. Шайлоону уюштуруу комитетинин төрайымы ОшМУнун сырттан жана дистанттык окутуу боюнча проректору, б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева.
Шайлоо пандемия шартында аралыкты жана тиешелүү талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.
1542 14:38 03-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|