Haber

ОшМУ Билим күнүн онлайн белгиледи

Бүгүн 1-сентябрь бардык факультет, колледж, лицей, гимназиялар 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн ZOOM платформасы аркылуу Билим күнүн уюштурду. Иш чарага ректорат тарабынан бекитилген куратор проректорлор, департаменттердин башчылары, факультеттин жамааты, студенттер катышышты.
Билим күнү ректор Кудайберди Кожобековдун 2020-2021-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин окутуучулук-профессордук курамына жана студенттерине арнаган видео кайрылуусу https://web.facebook.com/OshSU1939/videos/324910375511520 менен башталып, ар бир структурада жаңы окуу жылынын башталышына карата куттуктоолор жаңырды.
Окуу жайыбыздын босогосун аттап жаткан 1-курстун студенттери үчүн ОшМУнун тарыхы, жетишкендиктери, келечек пландары, максаттары, миссиясы камтылган маалыматтар менен коштолгон ОшМУга онлайн саякат уюштурулду. Ошондой эле университеттин онлайн билим берүүгө карата даярдыктары, “Кантип заманбап адис болобуз: XXI кылымдын негизги компетенциялары” деген темада баяндамалар жасалды.
Иш чаранын 2-бөлүгүндө “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деген темада 2020-2021-окуу жылындагы алгачкы куратордук сааттар өтүлдү.
Ош мамлекеттик университетинде учурда 2 институт, 20 факультет, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору бар.
1363 14:36 03-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|