Haber

ОшМУ 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн онлайн адаптациялык жумалыктарды өткөрүүдө

Ош мамлекеттик университетинде 24-26-август күндөрүнө пландаштырылган 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн адаптациялык жумалыктар өткөрүлүп жатат. Адаптациялык жумалык Zoom программасы аркылуу ишке ашырылууда. Азыркы пандемия шартында белгисиз мөөнөткө чейин онлайн билим берүү ишке ашырыла тургандыгын эске алуу менен университет буга чейин түзүлүп пландалган иш чаралардын мерчемине ылайык атайын графиктин негизинде жүрүп жатат. Факультеттер, колледждер адаптациялык жумалыкты өткөрүү графигине ылайык вебинарларга студенттердин катышуусун камсыздап жатышса, адаптациялык жумалыктын уюштуруу тобу жаңы кабыл алынган студенттерге Ош мамлекеттик университети, андагы окуу жараянын жүрүшү, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат беришип, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришүүдө. Онлайн адаптациялык жумалык ОшМУ тууралуу тартылган видео ролик жана университеттин ректору, профессор Г.К.Кожобековдун студенттерге официалдуу кайрылуусу менен башталып жатат. Төмөндөгү материалдан адаптациялык жумалыкты өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү толук маалымат менен тааныша аласыздар. Шилтеме:
1834 07:32 26-08-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|