Haber

30-ИЮЛЬ УЛУТТУК АЗА КҮТҮҮ КҮНҮ

Урматтуу калайык калк, кадырман журт!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Улуттук аза күтүү күнүндө пандемияда каза болгон жарандарыбыз эскерилип, куран окулат. Ааламды каптаган апаат адамзаттын тынч жашоосуна бүлүк салып, жай турмуш агымын түп-тамыры менен өзгөрттү. Мекендин туусун бийик көтөргөн, Ала-Тообузга арка-бел болгон чыгаандарыбыз, асылдарыбыз, жарандарыбыз бул оорунун курмандыгы болушту. Адам өмүрү менен саламаттыгы – баарынан кымбат. Өмүр баалуулугун сактап, ажалдан арачалап, үзүлгөн үмүттү улаган дарыгерлерибиз, ыктыярчы жарандарыбыз бүгүнкү күндүн анык баатырлары! Ал эми даанышман, боорукер, кайрымдуу элибиз бир түндүктүн алдына чогулуп, бир муштумга биригип, ынтымактын нагыз үлгүсүн көрсөтүүдө.

Пандемияда Ош мамлекеттик университети да орду толгус оор жоготууга учурады. Арабызда ак кызматы, интеллектуалдык бийик дэңгээли, адамдык мыкты сапаты менен үлгү болгон кесиптештерибизден айрылдык. ОшМУнун Окумуштуу катчысы Мисирбек Байсубанов, экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын окутуучусу Марипжан Мулладжанов, ортопедиялык жана терепевдикалык стомотология кафедрасынын окутуучусу Аликжан Шерматов устаттарыбыздын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Алардын жаш муунга калтырган эмгеги эскерилет. Дүйнөдөн кайткан агайларыбыздын жана жалпы каза болгон жарандарыбыздын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректору

Кудайберди Кожобеков

1739 06:10 30-07-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|