Haber

Пейили ак халатындай таза дарыгерлерибизге таазим!

Ош мамлекеттик университетинде 350дөн ашуун медицина кызматкерлердин резервдик тобу түзүлүп калктын саламаттыгын сактоого салымдарын кошуп жатышат.

Резервдик топто ОшМУда медицина багытында эмгектенген окутуучулары, ординаторлору, ошондой эле медицина факультетинин 5-6-курстарынын 250дөн ашуун ыктыярчы студенттери бар. ОшМУнун жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда учурда 40 ординатор, студенттерибиз, врач-окутуучуларыбыз илдетке кабылган жарандарыбызга врач, медайым, санитар катары эмгектенип кирип чыгышса, учурда 2-биригадада 30 врач, кызматкерлер кирип иштеп жатышат. Ошондой эле Кара-Кулжа, Чоң-Алай райондорунда жана Ош шаарындагы стационардык бейтапканаларында да ОшМУнун резервдик тобунун мүчөлөрү эмгектенишүүдө. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн алыста жүрүп, күнү-түнү кызматта жүргөн ден-соолук сакчыларына ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз.

ОшМУнун №1 жатаканасында уюштулган изолятордогу бригаданын жетекчиси, ОшМУнун акушерства жана гинекология кафедрасынын доценти, врач Гулбара Ташиева өзүнүн социалдык баракчасында бригаданын курамындагы врач Чынара Омуралиеваны туулган күнү менен куттуктаган. Изолятордо 23-июлда туулган күнү менен куттуктаганга, телефон кармаганга да убакыт болбогондугун белгилеп, бир күн өтсө да бүгүн куттуктап жаткандыгын айтып, адамгерчилиги бийик, акылдуу, кесибинин мыктысы болгон кесиптешин тарбиялап өстүргөн ата-энесине ыраазычылык билдирген. Ошондой эле изолятордогу оруулууларга күнүнө 2 жолу ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр жасалып жаткандыгын кошумчалаган. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=3031287363664164&id=100003487917913

Адам өмүрү менен саламаттыгы - баарынан кымбат. Ушул баалуулукту сактап, өмүрүбүзгө өмүр, жашообузга жашоо улаган, пейили халатындай таза дарыгерлерибизге таазим айтып, биз да туулган күн ээсин куттуктап өтөбүз!

Калк саламаттыгын өз жашооңуздардан да бийик коюп, ак эмгегиңиздер менен “кыл учунда турган өмүрлөргө” өмүр кошуп келе жаткан дарыгерлерибиздин үй-бүлөсүнө тынчтык, иштерине ийгиликтерди, бийик жетишкендиктерди каалайбыз! Бар болуңуздар!

6150 14:48 25-07-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|