Haber

ОшМУ Урал мамлекеттик медициналык университети менен биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырат

Кыргызстан жана Орусиянын “Эриш-аркак” жылынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Урал мамлекеттик медициналык университетинин (УММУ) ректору Ольга Ковтун биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жөнүндө келишимге онлайн режиминде кол коюшту.

"Дарылоо иши", "Педиатрия", "Стоматология" адистиктери боюнча түзүлгөн келишим 2020-2021-окуу жылынан баштап ишке ашырылат. Буга чейин эки өнөктөш университеттин окуу пландарын шайкеш келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Кол коюлган келишимге ылайык программага кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жана УММУ тарабынан дистанттык формада өткөрүлүүчү сынактын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Конкурстан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер бир эле учурда эки университетке тең кабыл алынат. “Дарылоо иши” жана “Педиатрия” адистиктериндеги студенттер Ош мамлекеттик университетинде 6 семестр 1 курстан 3 курска чейин, Урал мамлекеттик медициналык университетинде 6 семестр 4 курстан 6 курска чейин окушат. Ал эми “Стоматология” адистигинин студенттери Ош мамлекеттик университетинде 6 семестр 1 курстан 3 курска чейин, Урал мамлекеттик медициналык университетинде 4 семестр 4 курстан 5 курска чейин окушат. Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттерге эки университеттин диплому берилет.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков келишимдин түзүлүшү Кыргызстан менен Орусиянын “Эриш-аркак” жылындагы маанилүү иш-чара экендигин белгиледи: “Кыргызстан менен Орусиянын “Эриш-аркак” жылында өз ара кызматташууну өркүндөтүү боюнча пландалган иш-чаралардын ичинде приоритеттүү багыт катары билим берүү тармагындагы кызматташуу белгиленген. Биргелешкен билим берүү программаларынын негизинде студенттер бир эле учурда эки университетте окуп, орусиялык жана кыргызстандык үлгүдөгү эки дипломго ээ болушат. Бул - эки университеттин Кыргызстан менен Россиянын достугун бекемдөөгө жана жемиштүү кызматташуусуна кошкон салымы деп эсептеймин. Биз УММУнун ректору Ольга Ковтун менен студенттерди алмашуу, практикаларды өткөрүү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий жана башка багыттарда кызматташууну макулдаштык”.

ОшМУ учурда Орусиянын 50дөн ашуун окуу жайлары менен тыгыз кырматташууда. 2020-жылы Түштүк Урал мамлекеттик университети менен биргеликте “Кыргыз-Россия” факультетин ачылды. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты курулуп жатат. Семестр сайын ОшМУнун студенттери Орусиянын ондогон окуу жайларында академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келишет.

1849 17:44 20-07-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|