Haber

Байсубанов Мисирбек Турдубаевич (некролог)

(1955-2020)

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин окумуштуу катчысы, ОшМУнун эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, Баткен окуясынын катышуучусу Байсубанов Мисирбек Турдубаевич 65 жаш курагында 2020-жылдын 20-июлунда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Байсубанов Мисирбек Турдубаевич 1955-жылы 22-январда Ош областынын Өзгөн районунун Ак-Жар айылында жарык дүйнөгө келген.

1973-1975-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1975-1976-жылдары Ош областынын Алай районунун Ленин атындагы колхозунда колхозчу, 1976-жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба машина куруу боюнча заводунда слесарь-курамачы кызмматтарында эмгектенген.

1976-1977-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүнүн угуучусу, 1977-1982-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен орус тили жана адабияты адистиги боюнча билим алган.

1982-1983-жылдары ФПИРЯЛдын адабият теориясы кафедрасынын лаборанты, 1983-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты институнун (ФПИРЯЛ) чет элдер адабияты кафедрасынын окутуучусу болгон.

1985-1988-жылдары ОшПИнин педагогика факультетинин башталгыч билим берүүнүн орус тили кафедрасынын окутуучусу кызматына кирген. 1992-жылы (март-апрель) ОшПИнин педагогика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, 1987-1992-жылдары ОшПИнин педагогика факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, 1988-1993-жылдары ОшМУнун (ОшПИнин) педагогика факультетинин башталгыч билим берүүнүн орус тили кафедрасынын ага окутуучусу, 1993-2008-жылдары ОшМУнун орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабият кафедрасынын ага окутуучусу , 2008-жылдан ОшМУнун орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабияты кафедрасынын доценти болгон.

1997-2002-жылдары ОшМУнун окуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2002-2003-жылдары ОшМУнун дистанттык билим берүү институтунун менеджери.

2003-2004-жылдары ОшМУнун ректорунун жардамчысы.

2003-жылдан ушул күнгө чейин ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин катчысы кызматын үзүрлүү аркалап келген.

Мисирбек Турдубаевич 45 жылга чукул эмгек жолунун 30 жылдан ашуун мезгилин Ош мамлекеттик университетинде иш билги, тажрыбалуу адис, кесипкөй, сабаттуу, интеллектуалдык денгээли жогору инсан катары ак дилден кызмат өтөгөн.

Мисирбек агай жары менен 4 кызды татыктуу тарбиялап өстүргөн мээримдүү, боорукер ата, таята болчу.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Байсубанов Мисирбек агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер

2294 16:19 20-07-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|