Haber

ОшМУнун окутуучулары Ош шаардык ооруканасына 7 даана кычкылтек концентраторун тапшырды

Ош мамлекеттик университетинин жамааты каражат топтоп 24 саат үзгүлтүксүз иштөөчү жети даана кычкылтек концентраторлорун Ош шаардык ооруканасына тапшырды. Ага кошумча учурда зарыл болгон медициналык каражаттар: алты даана кварц лампасын, кандагы кычкылтектин денгээлин, сатурациясын өлчөөчү алты даана пульсоксиметр, алты даана пульверизатор жана 140 даана респиратордук беткап да берилди. Мындан сырткары окуу жайдын беш жатаканасында уюштурулган ооруканада иштеп жатышкан 51 медкызматкерлерге түшкү тамак берилип жатат.

Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик тобундагы 9 дарыгер-ординатор Чон-Алай районунда, 10 медицина кызматкери Кара-Кулжа районунда, 5 дарыгер-ординатор Ош шаарындагы Газпром спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 медкызматкерлер ОшМУнун медициналык клиникасында иштеп жатышат.

1820 20:29 13-07-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|