Haber

“Билим” лицейинин окуучусу “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча “кызыл” аттестатка ээ болду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков бүгүн, 23-июндаАлтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнөн өткөн “Билим” лицейинин окуучусу Бексултан Бердибековду куттуктап, ата-энесинин, окуткан мугалимдеринин ак эмгегин актаган мыкты кесип ээси болуусун каалады.

Бексултан Бердибеков Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча “кызыл” аттестатка ээ болду.

“Быйыл лицейибизди 46 бүтүрүүчүбүз аяктады. Ал эми былтыркы окуу жылында лицейди 43 бүтүрүүчү аяктаган, алардын баары учурда алдыңкы ЖОЖдордо билим алып жатышат”,-деди лицейдин директору Жоогазын Болушова.

Эске сала кетсек, 2019-жылы “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын тестирлөөсүнүн жыйынтыгы боюнча «Билим» лицейинин 11-классынын окуучусу Жумаева Мэриниса «кызыл» аттестатынын ээси болгон. Ал эми 2017-2018- окуу жылында «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар ЖРТдан эң жогорку упай тоаптоп, «Алтын сертификатка» ээ болсо, 1 окуучу Ош облусу боюнча эң жогорку упай алып, өлкө башчысынын колунан атайын белекке ээ болгон.

1602 16:22 23-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|