Haber

ОшМУда электрондук документ алмашуу иштери жакынкы күндөрдө толук иштей баштайт

Ош мамлекеттик университетинин кезектеги Административдик кеңеши 13-июнда http://webinar.oshsu.kg программасы аркылуу уюштурулду.

Биринчи маселе катары “ОшМУда электрондук документ алмашуу жөнүндө” деген тема каралды. Жыйында маалымат берген Т. Ибримов ОшМУда электрондук документ айлантуу улантылып келе жаткандыгын жана жаңыдан түзүлүп жаткан программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2020-жылы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарды жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрүнө жооп бере тургандыгын кошумчалады.

ОшМУда электрондук документ айлантуунун негизги максаты жана мүмкүнчүлүгү болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

· Документтерди бирдиктүү сактоосун камсыз кылат;

· Маалыматтык коопсуздук саясатын камсыз кылат;

· Университетте иштелип жаткан документтердин көлөмүн аныктоо жана аналитикалык маалыматтарды берүү (тез жана натыйжалуу);

· Ар бир документ боюнча анализ кылуу, документтер канча убакытта каралат жана убакытты үнөмдөө;

· Конкреттүү тапшырмалардын аткарылуусун оперативдүү башкаруу;

· Ар бир аткаруучуга/бөлүмгө кеткен убакыт жана аны кыскартуу жолдорун аныктоо;

· Документтерди издөөнү автоматташтыруу жана электрондук архив түзүү;

· Убакытты үнөмдөө жана ишти оптималдаштыруу максатында документтерге траекторияларды түзүү;

· Буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө болуп саналат.

Жыйындын соңунда:

 Жалпы бөлүм тарабынан Электрондук документ алмашууну колдонуу боюнча кызматкерлерге семинарлар уюштурулсун;

 Электрондук корреспонденцияларды кабыл алуу үчүн mail@oshsu.kg корпоративдик почтаcында edu@oshsu.kg, office@oshsu.kg электрондук даректери ачылып пайдаланылсын;

 Университетте электрондук документ алмашуу системасы менен иштеген ар бир жооптуу кызмат көргөзүүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугун камсыз кылсын;

 Ош мамлекеттик университетинин иш кагаздарын уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документ жүгүртүүнү камсыз кылуу жалпы бөлүмгө (канцелярия) жүктөлсүн

 Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Ош мамлекеттик университетинин ректоруна жүктөлсүн деген чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, учурда ОшМУда электрондук документ алмашуунун алгачкы этаптагы иштери башталган, ал үчүн тиешелүү техникалык каражаттар алынып, адистер ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Учурда edoc.oshsu.kg системасынын жардамында иштер алып барылууда.

5428 04:00 14-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|