Haber

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги “Кыргыз-украин мамилелери” темасында онлайн конок лекция өттү

Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинин уюштуруусунда 2020-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги “Кыргыз-украин мамилелери” темасында видео байланыш аркылуу конок лекцияга катышты.

Онлайн конок лекцияга Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери, магистранттары, аспиранттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Лекциянын жүрүшүндө Элчилик тарабынан кыргыз-украин мамилелеринин түптөлүшү, азыркы абалы, эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттары, ишмердүүлүк жана жакынкы мөөнөткө коюлган максаттар тууралуу маалымат берилди.

Лекциянын соңунда окутуучулар жана студенттер менен суроо-жооп форматында диалог болду.

Элчилик университеттин жетекчилигине таажы вирусунун пандемиясынан жаралган шартта заманбап технологияны колдонуу аркылуу лекцияны уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирип, студенттерге окууларына ийгиликтерди каалады.

1667 02:43 14-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|