Haber

ОшМУнун ректору Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

ОшМУнун студенттери академиялык мабилдүүлүк программасынын негизинде Франциянын жогорку окуу жайларында билим алат.
Мындай маалымат 8-июнда Ош мамлекеттик университенинин ректору Кудайберди Кожобеков менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУнун жолугушуусу учурунда айтылды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-француз жогорку окуу жайларынын өз ара кызматташуу, ОшМУда француз тилин өркүндөтүү тууралуу сөз болду. Ректор Кудайберди Кожобеков ОшМУ жөнүндө кенен маалымат берип, окуу жайда француз тилин окутууга жана өркүндөтүүгө толук шарт бар экенин айтты.
ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 1995-жылы француз тили секциясы ачылган. Бишкектеги Француз Консулдугу окуу процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында материалдык көмөк көрсөтүп келет.
1671 15:35 08-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|