Haber

ОшМУда “Ачык эшиктер күнү” онлайн белгиленди

Пандемияга байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин “Ачык эшиктер күнү” онлайн режиминде өттү. Иш-чарага орто мектептердин мугалимдери, ата-энелер, Орусия, Индия жана кошуна Өзбекстандан бүтүрүүчүлөр катышты. Келечектеги студенттер менен онлайн баарлашуу үч тилде өтүп, аны ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков алып барды. Анда окуу жайга 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болуп, кесипти туура тандоо боюнча айтылды. Бүтүрүүчүлөр окуу жайга кабыл алуунун шарттары, келишимдик акы, ОшМУда окуу менен бирге чет өлкөдөн билим алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолорго жооп алышты. “Ачык эшиктер күнүнүн” экинчи бөлүгү окуу жайдын факультеттеринде уланды.

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлүп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп өзгөртүлгөн.

Окуу жай Кыргызстанда биринчилерден болуп 2011-жылы санариптик технологиялардын жардамында автоматташтырылган окутуу жана башкаруу сиситемасын ишке киргизген.

Учурда ОшМУ 19 факультет, 2 институт, 4 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору, 11 жатакана, 2 медициналык клиника, 18 ачык типтеги спорт комплекси бар.

1704 21:57 03-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|