Haber

ОшМУнун жаш түгөйлөрү “Үлгүлүү үй-бүлө” наамын алышты

Бүгүн, 17-февраль Ош мамлекеттик университетинин административдик кеңешмесинде ректор Каныбек Исаков Ош шаарында уюштурулган “Үлгүлүү үй-бүлө -2014” кароо-сынагында ОшМУнун атынан катышып, баш байгени жеңип алган жаш үй-бүлөлөр Артур менен Бегимайды куттуктады.

Белгилей кетсек аталган сынак Ош областынын Бабур атындагы театрында 15-февраль күнү Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган. Анда Ош шаарынын Курманжан датка, Ак-Буура, Достук, Сулайман-Тоо аймактык кеңештеринен жалпысынан 5 түгөй катышышты.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар жобого ылайык шарттарда өздөрүнүн таланттарын көрүүчүлөргө тартуулашып, жаштарга үлгү болуучу ар кандай турмуштук жагдайларды сахналаштырып көрсөтүп беришти. Калыстардын чечимине ылайык 106 упай топтогон Артур менен Бегимайга баш байге ыйгарылып, уюштуруучулар тарабынан муздаткыч, “Үлгүлүү үй-бүлө - 2014” дипломдору тапшырылды.

Белгилей кетсек, жаңыдан турмуш жолун улантып, түтүн булатып жатышкан түгөйлөр Артур менен Бегимай экөөсү тең ОшМУда эмгектенишет.

5436 14:18 17-02-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|