Haber

3-июнда “ОшМУнун ачык эшиктер күнү” уюштурулат

Ош мамлекеттик университетинде 3-июнь саат 11-00 дө онлайн форматта “ОшМУнун ачык эшиктер күнү” өтөт.

Жыл сайын университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган иш-чара быйылкы жылы учурдагы кырдаалга байланыштуу онлайн форматында өтүп жатат.

“Ачык эшик” күнүндө университеттин факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери, магистратура департаменти, түзүмдүк бөлүмдөрү тууралуу презентация, видео материалдар көрсөтүлүп, университетте окутулуп жаткан адистиктер (багыттар) жана материалдык-техникалык базалар менен жакындан таанышууга шарт түзүлөт. Ошондой эле ОшМУга тапшырууну каалаган юардык абитуриенттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын сайты www.priem.oshsu.kg.

1693 16:02 02-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|