Haber

ОшМУда онлайн экзамен

Ош мамлекеттик университетинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны (мамлекеттик сынактарды тапшыруу, квалификациялык жумуштарды жана магистрдик диссертацияларды жактоо) өткөрүү боюнча азыркы түзүгөн кырдаалга жараша “Ош МУнун 2020-жылдагы бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен уюштуруу жана өткөрүү тартиби” иштелип чыкты.

Ага ылайык ЖМАны өткөрүүдө төмөндөгүдөй негизги эрежелер камтылды:

Факультеттер (колледждер) ЖМАны уюштуруу үчүн бүтүрүүчү студенттердин санына жараша интернетке туташтырылган кааналар каралган.

ЖМАны өткөрүү үчүн видеоконференцияларды онлайн пландаштыруучу жана уюштуруучу атайын вебинардык каражаттардын http://webinar.oshsu.kg (BigBlueButton, ZOOM, ж.б.) жардамында ишке ашырылат .

Факультеттерде (колледждерде) МАКтын техкатчысы IT адистин жардамы менен алдын-ала түзүлгөн жадыбалдын негизинде сынак тапшыруучу студенттердин тизмесин колдонуп бир канча күн мурда WhatsAppтан группаларды түзөт.

Студенттер тизмедеги кезеги менен (оозеки сынакта 4-5 минут аралыгында) шилтеме боюнча видеоконференцияга кирип, идентификациялоо үчүн өзүн тастыктаган документтин жүзүн камерага туштап 5-6 секундадай кармап турат.

Студентти идентификациялого деканат (дирекция), куратор түз же аралыктан катышса болот.

Оозеки сыноо учурунда студенттер билетти кокустан тандоо үчүн, кокустук сандарды генерациялоочу атайын программасы (Random программасы) коюлган атайын компьютерден иштетип билетти тандайт. Техкатчы ал студентке билетти сүрөткө тартып WhatsAppтан жөнөтөт.

Студент билетти алгандан кийин, видеоконференциядан чыкпастан, камераны өчүрбөстөн, жүзүн камерадан бурбастан, билеттеги суроолорго жоопторду жазат.

Эгерде МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам студенттин байланышы үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы кайрадан видеоконференцияга студентти идентификациялоо менен кирүүгө уруксат берет.

Эгерде МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам байланыш бүтүндөй үзгүлтүккө учураса, отурумдун төрагасы аттестациялык сынактан кайрадан өтүү үчүн кошумча убакытты белгилейт.

Студент берилген билеттеги суроого видео конференцияда оозеки жооп бергенден кийин, суроонун жообун сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу техкатчыга жөнөтүп видеоконференциядан чыгып кетсе болот.

Студент сынактын жыйынтыгын угуу үчүн идентификация болбостон эле, техкатчы айткан убакытта кайрадан видеоконференцияга кире алат.

Видеоконференциянын башынан аягына чейин жазылуусуна техкатчы жана IT адис жооп берет.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди (магистрдик диссертацияларды) ОДТны колдонуу менен коргоодо ЖМАга эки күн калганга чейин МАКтын бардык мүчөлөрүнө БКИнин (МДнын) тексти, сын-пикир, илимий жетекчисинин ой-пикири, “Антиплагиат” программасынан текшерилгени боюнча маалымдама (справка), презентация ж.б. жардамчы материалдардын комплекси электрондук форматта жөнөтүлөт.

Бекитилген мөөнөттө бүтүрүүчүлөр кезеги менен МАКтын курамынын алдында суроолоруна жооп беришет. Ар бир бүтүрүүчүгө 20 минуттан ашпаган убакыт бөлүнөт.

https://www.facebook.com/OshSU1939/videos/250011326090344/

2176 11:46 01-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|