Haber

ОшМУ 80 жылдык мааракесин онлайн белгиледи

Билим берүү сапарында 80 жылдык бай тарыхы бар Ош мамлекеттик университети мааракесин учурдагы кырдаалга байланыштуу 28-майда онлайн форматта http://80.oshsu.kg юбилейлик сайты аркылуу белгиледи.

Университеттин ректору Кудайберди Кожобековдун жетекчилиги астында өткөн маараке алгач ОшМУнун тарыхы, жетишкендиктери, ийгиликтери, алдыдагы пландары камтылган видеоролик менен башталды.

Ош мамлекеттик университетин 80 жылдык мааракеси менен Билим берүү жана илим министри, ушул окуу жайынын экс-ректору Каныбек Исаков, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын президенти Абдылда Мусаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ОшМУга өнөктөш чет элдик университеттердин ректорлору, сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттери куттукташты.

ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү шарттарындагы билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге онлайн түрүндө кол коюлду.

Андан тышкары жалпы Кыргызстандагы өнөр адамдары, ОшМУнун туурунан учкан таланттардын катышуусунда «Кутман курагың кут болсун, ОшМУ» деген аталышта онлайн концерт тартууланды.

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. Ал институт 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп түзүлгөн. 1992-жылы Ош мамлекеттик университети статусун алган. ОшМУ 2017-жылы КРнын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон «Даңк» ордени менен сыйланган.

1659 14:14 29-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|