Haber

ОшМУда “Берилмелерди анализдөө үчүн сандык методдор” деген темада эл аралык интерактивдүү илимий тренинг-вебинар өткөрүлдү

2020-жылдын 18-майында ОшМУда салттуу иш-чарага айланган илим жумалыктарынын алкагында Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан “Берилмелерди анализдөө үчүн сандык методдор” деген темада эл аралык интерактивдүү илимий тренинг-вебинар өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшМУнун ректору К.Г. Кожобеков баш болгон илимпоздор, аспиранттар, магистранттар, Венгриянын, Германиянын, Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын окумуштуулары, докторанттары катышышты.

Онлайн семинарда Венгриянын Матвей Корвин атындагы Будапешт университетинин профессору Урмат Тыналиев 3 саат кеңири баяндама жасады. Вебинарда суроо-жооптор берилип, талкуу жүрүп, абдан кызыктуу жана активдүү өттү. Жыйынтыгында, көптөгөн илимий маселелер талкууланып, илимий кызматташуу маселелери да белгиленди.

Белгилей кетсек, апрель айынан баштап бардык факультеттерде, коллеждерде илим жумалыктарынын алкагында “Санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо жылына”, ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата онлайн илимий вебинарлар, эл аралык конференциялар, түрдүү илимий конкурстар ж.б. илимий багыттагы иш-аракеттер үзгүлтүксүз жана жигердүү өткөрүлүүдө. Илим жумалыктары май айынын аягында жыйынтыкталат.

1650 20:22 20-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|